https://sputnik.kg/20250411/ipotekalyk-zhany-uylor-tapshyryldy-1093275896.html
Бишкекте МИКтин дагы бир комплекси аяктап, 612 батир берилди
Бишкекте МИКтин дагы бир комплекси аяктап, 612 батир берилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы бир комплекси аяктап, ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. 11.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-11T17:03+0600
2025-04-11T17:03+0600
2025-04-13T11:06+0600
кыргызстан
садыр жапаров
үй
комплекс
мамлекеттик ипотекалык компания
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093275581_0:107:2048:1259_1920x0_80_0_0_b4eb5e95354ac460eb4cfc5e9fe984ba.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы бир комплекси аяктап, ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.18 кабаттуу алты блоктон турган үйлөр "Ынтымак ордодон" алыс эмес жерде, Айтматов проспектинин боюнда жайгашкан.612 батирдин 216сы бир бөлмөлүү, 216сы эки бөлмөлүү жана 180и үч бөлмөлүү. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, объект эки жылда курулуп бүткөн.Ачылыш аземде айрым тургундарга үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Жапаров эртең Бишкектеги "Мурас" комплексинде дагы 600 батир ээсине тапшырыларын, 4-5 күн ичинде Жалал-Абадда ипотекалык үйлөр берилерин белгиледи.Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында Бишкекте "Мурас" комплексинен 510, шаардын башка бөлүгүнөн 549 батир ээлерине тапшырылган.
https://sputnik.kg/20250310/sadyr-zhaparov-mik-kurulush-1092534925.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093275581_114:0:1934:1365_1920x0_80_0_0_4119565bed29465baf381a3585e652a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, үй, комплекс, мамлекеттик ипотекалык компания
кыргызстан, садыр жапаров, үй, комплекс, мамлекеттик ипотекалык компания
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы бир комплекси аяктап, ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.
18 кабаттуу алты блоктон турган үйлөр "Ынтымак ордодон" алыс эмес жерде, Айтматов проспектинин боюнда жайгашкан.
612 батирдин 216сы бир бөлмөлүү, 216сы эки бөлмөлүү жана 180и үч бөлмөлүү. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, объект эки жылда курулуп бүткөн.
Ачылыш аземде айрым тургундарга үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Жапаров эртең Бишкектеги "Мурас" комплексинде дагы 600 батир ээсине тапшырыларын, 4-5 күн ичинде Жалал-Абадда ипотекалык үйлөр берилерин белгиледи.
Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында Бишкекте "Мурас" комплексинен 510, шаардын башка бөлүгүнөн 549 батир ээлерине тапшырылган.