https://sputnik.kg/20250411/konstitutsiyalyk-sot-kurmanbek-bakiyev-advokat-otunuchu-chechim-1093283046.html
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарды
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. 11.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-11T21:03+0600
2025-04-11T21:03+0600
2025-04-13T10:21+0600
кыргызстан
курманбек бакиев
конституциялык сот
чечим
өтүнүч
https://sputnik.kg/img/07e6/05/05/1064160048_462:62:2389:1146_1920x0_80_0_0_87e93fa3d2a482979ff6f7b5444b1f2d.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Эске салсак, буга чейин Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко “адамды сыртынан соттоп өкүм чыгаруу Конституцияга канчалык туура келерин” кароону суранып кайрылган.Бул норма Кыргызстандын бардык жарандары үчүн иштей турганы белгиленди.Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Ак үйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку Сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп, 30 жылга кыскарткан.
https://sputnik.kg/20250321/elkat-maksim-bakiev-villa-francziya-1092795231.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/05/1064160048_200:0:2635:1826_1920x0_80_0_0_2c4bb85ae9bbe93c0a516e5c03dbc3b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курманбек бакиев, конституциялык сот, чечим, өтүнүч
кыргызстан, курманбек бакиев, конституциялык сот, чечим, өтүнүч
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко “адамды сыртынан соттоп өкүм чыгаруу Конституцияга канчалык туура келерин” кароону суранып кайрылган.
“Конституциялык сот эгер адам жоопкерчиликтен качып, чет өлкөгө чыгып же экстрадициялоо мүмкүн эмес болсо сыртынан өкүм чыгаруу Баш мыйзамга дал келет. Бирок адам Кыргызстанга кайтып келип, сот алдында жооп берүүгө даяр болсо, анда ал ишин кайра каратууга укуктуу деген чечим чыгарды”, — деп жазылат маалыматта.
Бул норма Кыргызстандын бардык жарандары үчүн иштей турганы белгиленди.
Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Ак үйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку Сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп,
30 жылга кыскарткан.