https://sputnik.kg/20250411/tutkundar-fashistterdin-kontslagerinen-boshongon-kun-1093274924.html
Туткундар фашисттердин кандуу чеңгелинин бошонгон күн. Бухенвальддын видеосу
Туткундар фашисттердин кандуу чеңгелинин бошонгон күн. Бухенвальддын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Дүйнө коомчулугу 11-апрелди тарыхый дата — туткундар фашисттик концлагерлерден бошотулган күн (International Day of Fascist Concentration Camps Prisoners... 11.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-11T19:04+0600
2025-04-11T19:04+0600
2025-04-13T10:57+0600
видео
туткун
фашисттер
дүйнөдө
ссср
бухенвальд концлагери
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093278305_0:0:1001:563_1920x0_80_0_0_1e264ef31199ebc299d3a7f47b3eef94.jpg
Ал жылдары (1937-жылдан тарта адамдарды өлтүрө баштаган) жан чыдабаган, ашынган зөөкүрлүк иштер миллиондогон адамдын өмүрүн алган. Жүрөктү үшүткөн мындай жайлардын бири — Бухенвальд концлагери. Окурмандарга оңой менен көңүлдөн чыгарып салууга мүмкүн болбогон тарыхый трагедиянын видеосун сунуштайбыз....1945-жылы дал ушул күнү Бухенвальд лагериндеги туткундар куралдуу көтөрүлүш чыгарган. Камалгандар күзөтчүлөргө чабуул жасап, комендатураны басып алып, лагерди бошотушкан. Андан кийин америкалык аскерлер кирген....Фашисттердин концлагеринде жатса да советтик адамдар жашыруун иш жүргүзө алышкан. Алардын башында новосибирскилик Николай Симаков турган.Туткунга түшүп, ал жерге жеткирилгенге чейин Симаков Ломжа (азыркы Польша) шаарында (ал кезде Беларустун батыш чеги эле) чек арачы эле. 1941-жылы 4-июлда Минскинин алдындагы кармашта жарадар болуп туткунга түшөт да, 18-октябрда Бухенвальдга жөнөтүлгөн.Көтөрүлүш ийгиликтүү болуп, лагерден бошонгондон кийин Симаков Чехияга, партизандарга кошулуп кетет.1958-жылы "Бухенвальд" мемориалынын ачылышында Николай Симаков жашыруун штабдын жетекчиси катары сүйлөгөн. Бул адам Германия Демократиялуу Республикасынын Фашизмге каршы күрөш үчүн медалы менен сыйланган. Симаков 1969-жылы кургак учуктан көз жумган.2022-жылы 11-апрелде Бухенвальддагы тарыхый иш-чарага Россия менен Беларустун өкүлдөрүн чакырышкан эмес.Эске салсак, бул кандуу лагерге 8 жылда 239 миң адам камалган. Анын ичинен 56 миң киши Бухенвальдда азап тартып, кыйноого алынган. Туткундарга адамдыкка жатпаган медициналык тажрыйбалар жүргүзүлгөн...Согуштан кийин Бухенвальдда 28 миң нацисттик кылмышкер кармалып турган. 1958-жылы лагерде мемориалдык комплекс уюштурулган.Тема боюнча:
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093278305_0:0:1001:751_1920x0_80_0_0_3a47d86a9cb8ad3def2f3b300e7dbd61.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, туткун, фашисттер, дүйнөдө, ссср, бухенвальд концлагери, видео
видео, туткун, фашисттер, дүйнөдө, ссср, бухенвальд концлагери, видео
Туткундар фашисттердин кандуу чеңгелинин бошонгон күн. Бухенвальддын видеосу
19:04 11.04.2025 (Жаңыртылды: 10:57 13.04.2025) Дүйнө коомчулугу 11-апрелди тарыхый дата — туткундар фашисттик концлагерлерден бошотулган күн (International Day of Fascist Concentration Camps Prisoners Liberation) деп белгилеп келет.
Ал жылдары (1937-жылдан тарта адамдарды өлтүрө баштаган) жан чыдабаган, ашынган зөөкүрлүк иштер миллиондогон адамдын өмүрүн алган. Жүрөктү үшүткөн мындай жайлардын бири — Бухенвальд концлагери. Окурмандарга оңой менен көңүлдөн чыгарып салууга мүмкүн болбогон тарыхый трагедиянын видеосун сунуштайбыз.
...1945-жылы дал ушул күнү Бухенвальд лагериндеги туткундар куралдуу көтөрүлүш чыгарган. Камалгандар күзөтчүлөргө чабуул жасап, комендатураны басып алып, лагерди бошотушкан. Андан кийин америкалык аскерлер кирген.
...Фашисттердин концлагеринде жатса да советтик адамдар жашыруун иш жүргүзө алышкан. Алардын башында новосибирскилик Николай Симаков турган.
Туткунга түшүп, ал жерге жеткирилгенге чейин Симаков Ломжа (азыркы Польша) шаарында (ал кезде Беларустун батыш чеги эле) чек арачы эле. 1941-жылы 4-июлда Минскинин алдындагы кармашта жарадар болуп туткунга түшөт да, 18-октябрда Бухенвальдга жөнөтүлгөн.
Көтөрүлүш ийгиликтүү болуп, лагерден бошонгондон кийин Симаков Чехияга, партизандарга кошулуп кетет.
1958-жылы "Бухенвальд" мемориалынын ачылышында Николай Симаков жашыруун штабдын жетекчиси катары сүйлөгөн. Бул адам Германия Демократиялуу Республикасынын Фашизмге каршы күрөш үчүн медалы менен сыйланган. Симаков 1969-жылы кургак учуктан көз жумган.
2022-жылы 11-апрелде Бухенвальддагы тарыхый иш-чарага Россия менен Беларустун өкүлдөрүн чакырышкан эмес.
Эске салсак, бул кандуу лагерге 8 жылда 239 миң адам камалган. Анын ичинен 56 миң киши Бухенвальдда азап тартып, кыйноого алынган. Туткундарга адамдыкка жатпаган медициналык тажрыйбалар жүргүзүлгөн...
Согуштан кийин Бухенвальдда 28 миң нацисттик кылмышкер кармалып турган. 1958-жылы лагерде мемориалдык комплекс уюштурулган.