https://sputnik.kg/20250412/1093292952.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
14-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш... 12.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-12T15:00+0600
2025-04-12T15:00+0600
2025-04-12T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093292820_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b4848fbeb83607d17161ff3fa823cdea.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
14-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсүндө айтылды. Ведомство 13-апрелде күн ысый турганын, 14-апрелде нөшөрлүү жамгыр болорун эскертти. “Мындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Сатуудан алынуучу салык (САС) боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү.Белгиленгендей, отчет автоматтык түрдө отчеттук мезгилден кийинки айдын 18де ЭСФ маалыматтарынын негизинде түзүлөт.Эскерте кетсек, Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин тапшыруу керек.
"Кыргызалтын" ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү. Компаниядан билдиришкендей, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды. Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды. “Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ишкананын кирешеси 18,6 млрд сомду, пайдасы 17,2 млрд сомду түздү. 2024-жылы «Кыргызалтын» ААК кирешенин рекорддук деңгээлине жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 36%га көп. Жыйындын жүрүшүндө акционерлер пайданын 75%ын дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечимин кабыл алышты. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштар эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
АКШга Украинадагы жаңжалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн так планы жок. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип жазды. Макалада Трамптын администрациясы АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Кит Келлог менен дайыма байланышта болгонуна карабастан, “Украина саясаты боюнча макулдашылган процессти” түзө электиги айтылат. “Биз кээде администрациянын мүчөлөрүнөн бири-бирине каршы келген кептерди угабыз. Бул так план жок деген ойду бекемдейт”, — деген агенттикке өзүн ачыктагысы келбеген дипломат. Кырдаалды жакшы билген тараптардын агенттикке АКШнын коопсуздук боюнча улуттук комитети Украинадагы жаңжал боюнча бир эле жолугушуу өткөргөнүн кабарлаган. Ага негизинен президенттин улуттук коопсуздук боюнча жогорку даражадагы кеңешчилери катышат. Мунун баары Ак үйдүн адатта жасаган ишине карама-каршы келүүдө. Жыйынтыгында тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча администрация менен Европадагы өнөктөштөрдүн арасында түшүнбөстүк жаралганы айтылат.
14-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсүндө айтылды. Ведомство 13-апрелде күн ысый турганын, 14-апрелде нөшөрлүү жамгыр болорун эскертти. “Мындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.Сатуудан алынуучу салык (САС) боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү.Белгиленгендей, отчет автоматтык түрдө отчеттук мезгилден кийинки айдын 18де ЭСФ маалыматтарынын негизинде түзүлөт.Эскерте кетсек, Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин тапшыруу керек."Кыргызалтын" ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү. Компаниядан билдиришкендей, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды. Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды. “Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ишкананын кирешеси 18,6 млрд сомду, пайдасы 17,2 млрд сомду түздү. 2024-жылы «Кыргызалтын» ААК кирешенин рекорддук деңгээлине жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 36%га көп. Жыйындын жүрүшүндө акционерлер пайданын 75%ын дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечимин кабыл алышты. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштар эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.АКШга Украинадагы жаңжалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн так планы жок. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип жазды. Макалада Трамптын администрациясы АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Кит Келлог менен дайыма байланышта болгонуна карабастан, “Украина саясаты боюнча макулдашылган процессти” түзө электиги айтылат. “Биз кээде администрациянын мүчөлөрүнөн бири-бирине каршы келген кептерди угабыз. Бул так план жок деген ойду бекемдейт”, — деген агенттикке өзүн ачыктагысы келбеген дипломат. Кырдаалды жакшы билген тараптардын агенттикке АКШнын коопсуздук боюнча улуттук комитети Украинадагы жаңжал боюнча бир эле жолугушуу өткөргөнүн кабарлаган. Ага негизинен президенттин улуттук коопсуздук боюнча жогорку даражадагы кеңешчилери катышат. Мунун баары Ак үйдүн адатта жасаган ишине карама-каршы келүүдө. Жыйынтыгында тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча администрация менен Европадагы өнөктөштөрдүн арасында түшүнбөстүк жаралганы айтылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093292820_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_38c3e65c7616ec4e7f172caebb7f1b5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио