00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын бажы алымы соода кризисин жаратат. ДСУ менен Кытайдын билдирүүсү

© Sputnik / Владимир ФедоренкоКытай юаны жана АКШ доллары. Архив
Кытай юаны жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 12-апр.— Sputnik. АКШнын “өз ара” тарифтери өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө чоң зыян келтирип, гуманитардык кризиске кептеши мүмкүн.
Бул тууралуу Кытайдын соода министри Ван Вэньтао Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы директору Нгози Оконджо-Ивеала менен болгон сүйлөшүүсүндө билдиргенин РИА Новости жазды.
Тараптар кечээ видеоконференция аркылуу АКШнын бажы алымдары, көп тараптуу соода системасын коргоо жана ДСУнун ишин толук кандуу камсыз кылуу маселелерин талкуулашкан.
Кытайдын соода министри ДСУ мүчөлөрүн биригүүгө, бир тараптуу саясаттан жана коркутуулардан коргонууга чакырды.

“ДСУга мүчө өлкөлөрдүн арасында соода-экономикалык жактан пикир келишпестиктин жаралышы адаттагы нерсе, көйгөйдү чечүү жолдорун бири-бирин сыйлоонун жана тең укуктуулуктун негизинде табуу керек”, — деген Ван Вэньтао.

Ал эми ДСУнун жетекчиси узакка созулуп кеткен соода эскалациясы дүйнөлүк соода менен экономиканын өсүшүнө тоскоолдуктарды жаратканын белгилеген. Нгози Оконджо-Ивеала дагы ДСУ мүчөлөрүн бир муштумга биригүүгө чакырды.
“Бардык тараптар менен АКШнын ортосундагы кеңештердин жыйынтыгы ДСУнун эң ыңгайлуу улут принцибине ылайык болушу керек”, — деген ал.
АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрель күнү башка мамлекеттерден келген товарларга бажы алымы киргизилерин жар салган. Анын эң төмөнкү чеги 10 пайыз деп белгиленген. Мында ар өлкөгө ар башка төлөмдүн чеги бекитилип, балансты сактоо үчүн сумма АКШ менен соода кылган мамлекеттин ортосундагы дефицитке карап эсептелген.
Кытайга карата жаңы пошлина мурункусуна кошулуп, алгач жарыяланганда эле 54 пайызды түздү. Буга жооп кылып Пекин америкалык товардын баарына 34 пайыздык бажы алымын киргизген. АКШ төлөмдү 104 пайызга көтөрсө, көз узабай эле Пекин 84 пайызга жогорулаткан. Мындан кийин Трамп биринчи 125, андан соң 145 пайызга көтөрүп жиберди. Кечээ,11-апрелде, Кытай АКШнын товарына бажы алымын 125%га жогорулатты. Чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирмекчи.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Линь Цзянь тариф соодасында жеңүүчү болбой турганын, анткен менен Пекин согушууну каалабастыгын, бирок күрөшүүдөн коркпой турганын билдирди.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2025
Си Цзиньпин америкалык бажы алымдарынан улам Евробиримдикке кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0