https://sputnik.kg/20250412/kyrgyzstan-kylmysh-adam-olturuu-sot-1093289310.html
Өз үйүндө киши колдуу болгон. Кара-Балтадагы кылмышка шектелип үч киши кармалды
Өз үйүндө киши колдуу болгон. Кара-Балтадагы кылмышка шектелип үч киши кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелип бири-бирине тууган, мурда соттолгон үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер... 12.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-12T16:18+0600
2025-04-12T16:18+0600
2025-04-13T09:47+0600
кыргызстан
кылмыш
адам өлтүрүү
сот
милиция
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093289812_0:0:1261:710_1920x0_80_0_0_5b34f8a81a98e1fb94f5b8917a0a3ab0.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелип бири-бирине тууган, мурда соттолгон үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.Маалыматка ылайык, окуя 22-мартта түнкү саат 01:00 чамасында болгон. Ал күнү 30 жаштагы А.М., 31 жаштагы А.К. жана 39 жаштагы А.Б. 32 жаштагы Г. Э. аттуу адамдын үйүнө келишкен. Үчөө Г. Э. менен уруша кетип, А.К. аны табарсык жагына бүктөлмө бычак менен бир нече жолу сайып, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.Г. Э. аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок өзүнө келбей каза болуп калган. Факт Жайыл РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Саламаттыкка оор зыян келтирүү”) менен катталган.Кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
https://sputnik.kg/20250406/kyrgyzstan-batken-zhooker-atyshuu-kylmysh-zharakat-1093141443.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093289812_162:0:1122:720_1920x0_80_0_0_dfe4a7a113eba14e6d28221d3e0d6d8c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кылмыш, адам өлтүрүү, сот, милиция
кыргызстан, кылмыш, адам өлтүрүү, сот, милиция
Өз үйүндө киши колдуу болгон. Кара-Балтадагы кылмышка шектелип үч киши кармалды
16:18 12.04.2025 (Жаңыртылды: 09:47 13.04.2025) БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелип бири-бирине тууган, мурда соттолгон үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-мартта түнкү саат 01:00 чамасында болгон. Ал күнү 30 жаштагы А.М., 31 жаштагы А.К. жана 39 жаштагы А.Б. 32 жаштагы Г. Э. аттуу адамдын үйүнө келишкен. Үчөө Г. Э. менен уруша кетип, А.К. аны табарсык жагына бүктөлмө бычак менен бир нече жолу сайып, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.
Г. Э. аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок өзүнө келбей каза болуп калган. Факт Жайыл РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Саламаттыкка оор зыян келтирүү”) менен катталган.
“Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен айып тагылып, райондук сот тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды”, — дешти ОИИББден.
Кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.