https://sputnik.kg/20250412/rossiya-ukraina-stiv-uitkoff-vladmir-putin-sujloshuu-1093284781.html
Путин менен Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 саатка созулду. Эмне тууралуу кеп болду
Путин менен Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 саатка созулду. Эмне тууралуу кеп болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. РФ президенти менен Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 сааттан кийин жыйынтыкталды. Бул тууралуу РИА... 12.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-12T10:31+0600
2025-04-12T10:31+0600
2025-04-13T10:18+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
владимир путин
стив уиткофф
сүйлөшүүлөр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093283626_0:0:2583:1452_1920x0_80_0_0_bc7008ccba9a3e1f472c187f6273e0d5.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. РФ президенти менен Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 сааттан кийин жыйынтыкталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.Жолугушуу Санкт-Петербургдагы президенттик китепкананын имаратында өткөн.Кремль жолугушуунун темасы Украинадагы жаңжалдын аспектилери болгонун билдирди. Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу болду деп сыпаттаган.Кечээ эртең менен президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Уиткофф менен жолугушкандан кийин Путин Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн экенин айткан.Ак үйдүн атайын өкүлү келген учак жума күнү эртең менен Пулково аэропортуна конгон. Бул — Уиткоффтун Россияга үчүнчү жолу келиши. Буга чейин ал Москвага 13-мартта келип, Россиянын жогорку рангдагы өкүлдөрү менен жолугушкан, ошол эле күнү кечинде аны Путин кабыл алган.Песков анда ал Украина боюнча кошумча маалыматтарды алып келгенин, ал эми Россия президенти америкалык кесиптешине айтчу сөздөрүн Уиткофф аркылуу жолдогонун айткан.Февраль айынын башында Уиткофф Россияга аткезчилик жана баңгизат сактоо үчүн камалган Марк Фогелди айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү үчүн келип кеткен. Андан кийин Эр-Риядда өткөн Россия менен Американын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнө катышкан.
https://sputnik.kg/20250404/rossiyalyk-atkaminer-tramptyn-administratsiyasy-menen-zholuktu-1093107282.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093283626_72:0:2463:1793_1920x0_80_0_0_7209fea4a40d8dbb784dbcf328fd5561.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, владимир путин, стив уиткофф, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, акш, украина, владимир путин, стив уиткофф, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. РФ президенти менен Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 сааттан кийин жыйынтыкталды. Бул тууралуу
РИА Новости агенттиги жазды.
Жолугушуу Санкт-Петербургдагы президенттик китепкананын имаратында өткөн.
Кремль жолугушуунун темасы Украинадагы жаңжалдын аспектилери болгонун билдирди. Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу болду деп сыпаттаган.
Кечээ эртең менен президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Уиткофф менен жолугушкандан кийин Путин Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн экенин айткан.
Ак үйдүн атайын өкүлү келген учак жума күнү эртең менен Пулково аэропортуна конгон. Бул — Уиткоффтун Россияга үчүнчү жолу келиши. Буга чейин ал Москвага 13-мартта келип, Россиянын жогорку рангдагы өкүлдөрү менен жолугушкан, ошол эле күнү кечинде аны Путин кабыл алган.
Песков анда ал Украина боюнча кошумча маалыматтарды алып келгенин, ал эми Россия президенти америкалык кесиптешине айтчу сөздөрүн Уиткофф аркылуу жолдогонун айткан.
Февраль айынын башында Уиткофф Россияга аткезчилик жана баңгизат сактоо үчүн камалган Марк Фогелди айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү үчүн келип кеткен. Андан кийин Эр-Риядда өткөн Россия менен Американын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнө катышкан.