https://sputnik.kg/20250412/ukraina-rossiya-sogush-atajyn-operaciya-kural-zheniluu-1093288530.html
"Укмуш көп". Британиялык аналитик Россиянын мүмкүнчүлүктөрүнө таң калды
"Укмуш көп". Британиялык аналитик Россиянын мүмкүнчүлүктөрүнө таң калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Украина согушта биротоло жеңилди, эми фронтто туруштук бере албайт. Мындай оюн британиялык аналитик Александр Меркурис YouTube... 12.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-12T19:03+0600
2025-04-12T19:03+0600
2025-04-12T19:03+0600
дүйнөдө
украина
россия
атайын операция
согуш
курал
жеңилүү
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093289167_0:262:3072:1990_1920x0_80_0_0_ae59661855113121e04f7128addd06e4.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Украина согушта биротоло жеңилди, эми фронтто туруштук бере албайт. Мындай оюн британиялык аналитик Александр Меркурис YouTube платформасында айтканын РИА Новости жазды. Аналитик мындай көрсөткүчтөр Россия үчүн чек эместигин, өндүрүштү мындан ары да көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген."Украина күн сайын 4000ден 10000ге чейин снаряд чыгарат, бул Россиядан бир топ аз. Жакында Байден курал-жарак жөнөтүүгө уруксат берген мөөнөт да аяктайт, ошондо абал азыркыдан да жаман болот. Бул кыйратуучу согуш, Украина жеңилгенин моюндай турган убакыт келди деп ойлойм", — деген Меркурис.2024-жылдын октябрында Украинанын отставкадагы генералы, улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Сергей Кривонос Украинанын жоокерлери жок болуп баратканын, согушууга адам калбай баратканын айткан. Декабрда Guardian гезити Укрианада аскерлердин жетишпей жатканын, өлкөнүн Башкы штабы ансыз да араң турган абадан коргонуучу аскер бөлүктөрүнө согуштук линияга жөнөтүү үчүн жөө аскерлерди бөлүп берүүгө буйрук кылганын жазган. Январь айында Рада депутаты Марьяна Безуглая Украинанын Башкы штабы тар профилдеги адистерди күзөт ротасына, андан ары керексиз адамдардай эле жөө аскерлер бөлүгүнө жөнөтүп жатат деп билдирген.
https://sputnik.kg/20250411/aksh-ukraina-zhanzhalzhy-zhongo-saluu-uzakka-sozulushun-kaalabajt-1093257081.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0c/1093289167_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_3c52af332e990787afe98452708b33f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, согуш, курал, жеңилүү
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, согуш, курал, жеңилүү
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Украина согушта биротоло жеңилди, эми фронтто туруштук бере албайт. Мындай оюн британиялык аналитик Александр Меркурис YouTube платформасында айтканын
РИА Новости жазды.
"Россиянын армиясы барган сайын көбөйүүдө, ал эми Украинаныкы азайгандан азайып жатат, жоготууларынын ордун толтурууга кудуретсиз. Жакында эле Сырский (Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы — ред.) Россия армиясы Украинанын Куралдуу күчтөрүн көздөй күндө 28 000 снаряд чыгарып жатканын айтты. Бул Россия бир жылда 14 миллиондон кем эмес снаряд чыгарат дегенди билдирет. Укмуштуудай көп сан, мен бул тууралуу эч кимдин кеп кылбаганын түшүнбөйм", — деген ал.
Аналитик мындай көрсөткүчтөр Россия үчүн чек эместигин, өндүрүштү мындан ары да көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.
"Украина күн сайын 4000ден 10000ге чейин снаряд чыгарат, бул Россиядан бир топ аз. Жакында Байден курал-жарак жөнөтүүгө уруксат берген мөөнөт да аяктайт, ошондо абал азыркыдан да жаман болот. Бул кыйратуучу согуш, Украина жеңилгенин моюндай турган убакыт келди деп ойлойм", — деген Меркурис.
2024-жылдын октябрында Украинанын отставкадагы генералы, улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Сергей Кривонос Украинанын жоокерлери жок болуп баратканын, согушууга адам калбай баратканын айткан. Декабрда Guardian гезити Укрианада аскерлердин жетишпей жатканын, өлкөнүн Башкы штабы ансыз да араң турган абадан коргонуучу аскер бөлүктөрүнө согуштук линияга жөнөтүү үчүн жөө аскерлерди бөлүп берүүгө буйрук кылганын жазган. Январь айында Рада депутаты Марьяна Безуглая Украинанын Башкы штабы тар профилдеги адистерди күзөт ротасына, андан ары керексиз адамдардай эле жөө аскерлер бөлүгүнө жөнөтүп жатат деп билдирген.