https://sputnik.kg/20250413/sogushta-kyrgyzstanga-ehvakuaciyalangan-lena-guliya-1093262242.html
Согушта Ала-Тоого эвакуацияланган 8 жашар Лена-Гулиянын окуясы. Кинохроника
Согушта Ала-Тоого эвакуацияланган 8 жашар Лена-Гулиянын окуясы. Кинохроника
Sputnik Кыргызстан
"Кыргызфильм" 1978-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинграддан Жети-Өгүз районунун Саруу айылына эвакуация болгон Гулия Миңкееванын тагдыры тууралуу... 13.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-13T19:40+0600
2025-04-13T19:40+0600
2025-04-13T19:40+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
улуу ата мекендик согуш
ленинград
эвакуация
ысык-көл
балдар
жетим
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272907_7:0:2224:1247_1920x0_80_0_0_99eb06e6a8deb005b7fea1dc539621b2.jpg
"Кыргызфильм" 1978-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинграддан Жети-Өгүз районунун Саруу айылына эвакуация болгон Гулия Миңкееванын тагдыры тууралуу "Гулия" аттуу даректүү тасма тарткан. Анын аркасы менен Гулия бир туугандарын тапкан. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринен аталган фильмди тапты.Согуш маалында курчоодо калган Ленинграддан Ала-Тоонун койнуна эвакуациялангандардын арасында балдар көп эле. Аларды кыргыз бүлөлөрү бооруна тартып асырап алган учурлар да арбын болгон. 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарованын 150 бөбөктү канатына калкалап багып алганы кылымдарга үлгү болуп калды.Кыргызстанга көчүрүлгөн балдардын арасында сегиз жаштагы Елена Осипова да бар эле. Кызы Раиданын айтымында, Лена согушка чейин үй-бүлөсү менен Ленинградда жашаган. Костя аттуу иниси бар эле. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда атасы фронтко кетип, кан майданда каза болот. Фабрикада иштеген энеси да көз жумат. Жетим калган балдарды кошуналары эвакуацияга даярданып жаткан эшелонго салганда Лена "Костя менен бөлбөгүлө" деп чырылдайт. Бирок эки бир тууганды эки башка вагонго салышат. Жолдон эшелонду фашисттик авиация бомбалап, арттагы вагондор кыйраган. Осипова "жолдогу балдардын кыйкырыгы менен ыйы азыркы кезге чейин көз алдымда" деп эскерген. Лена ошол бойдон Костяны көргөн эмес.Ленинграддан эвакуацияланган балдарды Жети-Өгүз аймагындагы Саруу кыштагына алып келип, айылдын четиндеги балдар үйүнө жайгаштырышкан. Жергиликтүү тургундар ленинграддык бөбөктөргө аяр мамиле кылып, колунан келген жардамын аяган эмес. "Ошондо гана эсиме келдим" деп үшкүрүп айтып берчү экен Елена. Мектептен кыргызча окуй баштаган кызды колхоздун башкармасы Амантур Байдылдаев менен жубайы Мааный асырап алат. Атасынын досу, атактуу жазуучу Касымалы Баялинов Ленага Гулия деген жаңы ысым берип, тагдыры тууралуу "Сен жетим эмессиң" деген аңгеме жазган. Анын аркасы менен Гулия Кыргызстанга белгилүү болуп, кыз атын өзгөртүп, атасынын фамилиясына өтөт да мусулманчылыкты кабыл алат. Энеси Мааный кыргыз тили менен адат-салтын ийне-жибине чейин үйрөтөт. Кокусунан айылдан бирөө Гулияны орус деп айтып алса, Мааный абдан таарынчу экен.Орто мектепти бүтүп, Саруунун тургуну Төлөгөн Миңкеевге турмушка чыгып, Гулия жолдошунун фамилиясына өтөт. Күйөөсү келинчегин Пржевальск шаарындагы медициналык училищеден фельдшер адистигине окутуп, Гулия Сарууда фельдшер болуп иштеп калат. Жубайлар алты кыз жана беш уулдуу болушкан. "Өзүмдүн энем тирүү калып, төрүмдө отурса кана" деп арман кылчу экен. Атасы Амантур каза болгондон кийин Мааныйды кыз-күйөөсү бапестеп багып, акыркы сапарга үйүнөн узатышкан.Гулия өмүр бою иниси Костянын дайынын биле албай кыйналган. Жолдошу Төлөгөн Костяны издеп табууга бүт күчүн жумшаса да иниси табылган эмес. 1978-жылы "Кыргызфильм" киностудиясы Осипова-Байдылдаева-Миңкееванын тагдыры тууралуу "Гулия" аттуу даректүү тасма тарткан. 1979-жылы кыргызстандык режиссер Михаил Яковлев "Кыргызтелефильм" киностудиясы менен бирге Кыргызстанга эвакуацияланган ленинграддык балдар жөнүндө "Я хочу жить" аттуу даректүү тасма тартып, анда Гулиянын тагдыры да чагылдырылат. Фильмди Ленинградда жашаган атасынын бир тууган инисинин кошунасы көрүп калып, агасына кабарлайт. Агасы "карындашым Лена каза болгон" деп көпкө ишенбейт. Телевидениеге барып, даректүү тасманы кайрадан көрүүнү өтүнүп, ошондон кийин гана Ленанын тирүү экенин билет.Ал балдарын Сарууга жиберет. Ленинграддык туугандарды Миңкеевдердин үй-бүлөсү жылуу тосуп алып коноктойт. Бир аз убакыттан кийин агасы Гулия менен жолдошу Төлөгөндү Ленинградга чакырат. Жубайлар Ленинградда бир ай конок болушат. Гулия өмүрүнүн аягына чейин туугандары менен кат алышып, кабарлашып турган. 2002-жылы Гулия (Елена) Осипова-Байдылдаева-Миңкеева 67 жашында узак оорудан каза болгон. Азыркы күндө алты кызы бар. Ал эми беш уулу дүйнөдөн өтүп кеткен.Тема боюнча:
ленинград
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272907_408:0:2071:1247_1920x0_80_0_0_c10a212cf13429ed46ea4b634f30b3a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, ленинград, эвакуация, ысык-көл, балдар, жетим, видео, видео
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, ленинград, эвакуация, ысык-көл, балдар, жетим, видео, видео
"Кыргызфильм" 1978-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинграддан Жети-Өгүз районунун Саруу айылына эвакуация болгон Гулия Миңкееванын тагдыры тууралуу "Гулия" аттуу даректүү тасма тарткан. Анын аркасы менен Гулия бир туугандарын тапкан. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринен аталган фильмди тапты.
Согуш маалында курчоодо калган Ленинграддан Ала-Тоонун койнуна эвакуациялангандардын арасында балдар көп эле. Аларды кыргыз бүлөлөрү бооруна тартып асырап алган учурлар да арбын болгон. 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарованын 150 бөбөктү канатына калкалап багып алганы кылымдарга үлгү болуп калды.
Кыргызстанга көчүрүлгөн балдардын арасында сегиз жаштагы Елена Осипова да бар эле. Кызы Раиданын айтымында, Лена согушка чейин үй-бүлөсү менен Ленинградда жашаган. Костя аттуу иниси бар эле. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда атасы фронтко кетип, кан майданда каза болот. Фабрикада иштеген энеси да көз жумат. Жетим калган балдарды кошуналары эвакуацияга даярданып жаткан эшелонго салганда Лена "Костя менен бөлбөгүлө" деп чырылдайт. Бирок эки бир тууганды эки башка вагонго салышат. Жолдон эшелонду фашисттик авиация бомбалап, арттагы вагондор кыйраган. Осипова "жолдогу балдардын кыйкырыгы менен ыйы азыркы кезге чейин көз алдымда" деп эскерген. Лена ошол бойдон Костяны көргөн эмес.
Ленинграддан эвакуацияланган балдарды Жети-Өгүз аймагындагы Саруу кыштагына алып келип, айылдын четиндеги балдар үйүнө жайгаштырышкан. Жергиликтүү тургундар ленинграддык бөбөктөргө аяр мамиле кылып, колунан келген жардамын аяган эмес. "Ошондо гана эсиме келдим" деп үшкүрүп айтып берчү экен Елена. Мектептен кыргызча окуй баштаган кызды колхоздун башкармасы Амантур Байдылдаев менен жубайы Мааный асырап алат. Атасынын досу, атактуу жазуучу Касымалы Баялинов Ленага Гулия деген жаңы ысым берип, тагдыры тууралуу "Сен жетим эмессиң" деген аңгеме жазган. Анын аркасы менен Гулия Кыргызстанга белгилүү болуп, кыз атын өзгөртүп, атасынын фамилиясына өтөт да мусулманчылыкты кабыл алат. Энеси Мааный кыргыз тили менен адат-салтын ийне-жибине чейин үйрөтөт. Кокусунан айылдан бирөө Гулияны орус деп айтып алса, Мааный абдан таарынчу экен.
Орто мектепти бүтүп, Саруунун тургуну Төлөгөн Миңкеевге турмушка чыгып, Гулия жолдошунун фамилиясына өтөт. Күйөөсү келинчегин Пржевальск шаарындагы медициналык училищеден фельдшер адистигине окутуп, Гулия Сарууда фельдшер болуп иштеп калат. Жубайлар алты кыз жана беш уулдуу болушкан. "Өзүмдүн энем тирүү калып, төрүмдө отурса кана" деп арман кылчу экен. Атасы Амантур каза болгондон кийин Мааныйды кыз-күйөөсү бапестеп багып, акыркы сапарга үйүнөн узатышкан.
Гулия өмүр бою иниси Костянын дайынын биле албай кыйналган. Жолдошу Төлөгөн Костяны издеп табууга бүт күчүн жумшаса да иниси табылган эмес. 1978-жылы "Кыргызфильм" киностудиясы Осипова-Байдылдаева-Миңкееванын тагдыры тууралуу "Гулия" аттуу даректүү тасма тарткан. 1979-жылы кыргызстандык режиссер Михаил Яковлев "Кыргызтелефильм" киностудиясы менен бирге Кыргызстанга эвакуацияланган ленинграддык балдар жөнүндө "Я хочу жить" аттуу даректүү тасма тартып, анда Гулиянын тагдыры да чагылдырылат. Фильмди Ленинградда жашаган атасынын бир тууган инисинин кошунасы көрүп калып, агасына кабарлайт. Агасы "карындашым Лена каза болгон" деп көпкө ишенбейт. Телевидениеге барып, даректүү тасманы кайрадан көрүүнү өтүнүп, ошондон кийин гана Ленанын тирүү экенин билет.
Ал балдарын Сарууга жиберет. Ленинграддык туугандарды Миңкеевдердин үй-бүлөсү жылуу тосуп алып коноктойт. Бир аз убакыттан кийин агасы Гулия менен жолдошу Төлөгөндү Ленинградга чакырат. Жубайлар Ленинградда бир ай конок болушат. Гулия өмүрүнүн аягына чейин туугандары менен кат алышып, кабарлашып турган. 2002-жылы Гулия (Елена) Осипова-Байдылдаева-Миңкеева 67 жашында узак оорудан каза болгон. Азыркы күндө алты кызы бар. Ал эми беш уулу дүйнөдөн өтүп кеткен.