https://sputnik.kg/20250414/1093321479.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондуна жаңы теңтөрага дайындалдыБишкекте жаштардын шаарларды санариптештирүүгө кошкон салымы талкууландыКыргызстанда пластик... 14.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-14T17:00+0600
2025-04-14T17:00+0600
2025-04-14T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0e/1093321347_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7eabe44b44d56ef0ce43c4796e596b29.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондуна жаңы теңтөрага дайындалдыБишкекте жаштардын шаарларды санариптештирүүгө кошкон салымы талкууландыКыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилдиАлдыда кененирээк Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тартипке ылайык менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын пластик калдыктарын чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт. Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар пластик калдыктары менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргызстандын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана бул тартипти жетекчиликке алат. Бул тартип радиоактивдүү жана медициналык пластик калдыктарына, туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына жайылтылбайт.
Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда жаштардын шаарларды санариптештирүү процессине кошкон салымы жана ролу талкууланды. Жолугушууда эл аралык изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары сунушталып, ал жаштардын санариптик өнүгүүсүнө жигердүү катышуусуна багытталган. Тараптар жаштар санариптик өзгөрүүлөрдү сырттан гана карап турбастан, алардын түздөн-түз катышуучусу болушу керек экендигин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты. Айрыкча жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана шаардык санарип демилгелерге катышуусуна шарт түзүү маселелерине басым жасалды.
Алмаз Мамбетов "Азербайжан-Кыргызстан" өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын тең төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Замирбек Осмонов Бабакулович бул кызматка министрлер кабинетинин башка буйругу менен үч жылдык мөөнөткө дайындалды. Эске салсак, Замирбек Осмонов буга чейин Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген.
Евробиримдик АКШнын президенти Дональд Трампка "көңүл тое турган сунуш" айтуу ниетинде. Италиялык ЖМКлар муну Ак үйдүн башчысы өзүнүн элине жеңиш катары көрсөтөт жана соода салыгын киргизүү менен пайда табат деген маанайда жазып жатканын Sputnik Ближнее зарубежье билдирди. Бул максат менен Вашингтонго Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони айымды "аттандырышкан". Европалык башка саясатчыларга караганда, бул өкмөт башчынын Трамп менен алакасы жакшы экендигин айтып келишет. Евробиримдик Трампты ыраазы кылуу үчүн Америкадан көбүрөөк газ жана курал сатып алууга даяр. Бирок мындай ыкма "Европанын өзүнүн аскердик өнөр жайына артыкчылык берүү ниетинен баш тартуусу" катары каралышы мүмкүн. Ошондуктан аталган кадам Парижге жакпай, бөгөт коюшу ыктымал. Буга чейин РИА Новости премьер айым ЕБ менен АКШнын ортосунда соода салыктарын азайтуу маселесиндеги ортомчу катары кызмат кылышы мүмкүндүгүн жазган эле.
Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондуна жаңы теңтөрага дайындалдыБишкекте жаштардын шаарларды санариптештирүүгө кошкон салымы талкууландыКыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилдиАлдыда кененирээк Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тартипке ылайык менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын пластик калдыктарын чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт. Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар пластик калдыктары менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргызстандын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана бул тартипти жетекчиликке алат. Бул тартип радиоактивдүү жана медициналык пластик калдыктарына, туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына жайылтылбайт. Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда жаштардын шаарларды санариптештирүү процессине кошкон салымы жана ролу талкууланды. Жолугушууда эл аралык изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары сунушталып, ал жаштардын санариптик өнүгүүсүнө жигердүү катышуусуна багытталган. Тараптар жаштар санариптик өзгөрүүлөрдү сырттан гана карап турбастан, алардын түздөн-түз катышуучусу болушу керек экендигин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты. Айрыкча жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана шаардык санарип демилгелерге катышуусуна шарт түзүү маселелерине басым жасалды.Алмаз Мамбетов "Азербайжан-Кыргызстан" өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын тең төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Замирбек Осмонов Бабакулович бул кызматка министрлер кабинетинин башка буйругу менен үч жылдык мөөнөткө дайындалды. Эске салсак, Замирбек Осмонов буга чейин Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген.Евробиримдик АКШнын президенти Дональд Трампка "көңүл тое турган сунуш" айтуу ниетинде. Италиялык ЖМКлар муну Ак үйдүн башчысы өзүнүн элине жеңиш катары көрсөтөт жана соода салыгын киргизүү менен пайда табат деген маанайда жазып жатканын Sputnik Ближнее зарубежье билдирди. Бул максат менен Вашингтонго Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони айымды "аттандырышкан". Европалык башка саясатчыларга караганда, бул өкмөт башчынын Трамп менен алакасы жакшы экендигин айтып келишет. Евробиримдик Трампты ыраазы кылуу үчүн Америкадан көбүрөөк газ жана курал сатып алууга даяр. Бирок мындай ыкма "Европанын өзүнүн аскердик өнөр жайына артыкчылык берүү ниетинен баш тартуусу" катары каралышы мүмкүн. Ошондуктан аталган кадам Парижге жакпай, бөгөт коюшу ыктымал. Буга чейин РИА Новости премьер айым ЕБ менен АКШнын ортосунда соода салыктарын азайтуу маселесиндеги ортомчу катары кызмат кылышы мүмкүндүгүн жазган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0e/1093321347_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d25ac55ef105c653dd349303d4f33182.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио