https://sputnik.kg/20250414/1093324055.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
"Интервидение 2025" сынагына Кыргызстандан 14 ырчы катышмай болду Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттүАла-Букадагы сел эки... 14.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-14T19:00+0600
2025-04-14T19:00+0600
2025-04-14T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0e/1093323923_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5bff7667ab6052f55786d28f01b50f82.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
"Интервидение 2025" сынагына Кыргызстандан 14 ырчы катышмай болду Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттүАла-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткенАлдыда кененирээк Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички унаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыр тарткандар жок. Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калыбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды. Жеринде Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.
Бишкектеги Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдык мааракесине карата эскерүү жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун жана Согуш ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү катышты.Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта эркиндик жана тынчтык үчүн жанын берген баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду. Жыйында Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи башкы колбашчысы Абдыгул Чотбаев сөз сүйлөдү. Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшту.
Москвада өтө турган "Интервидение 2025" сынагына катышуу үчүн 14 ырчы күч сынашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кабарга ылайык, сынактын финалы Москвада өтүп, баш байгеси 300 миң евро болот. "Улуттук тандоо туру 23-апрелде саат 19:00дө башталып, "Маданият" жана "Музыка" телеканалдарынан түз көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстандан жалпысынан 14 ырчы 12 номер менен катышат. Эске салсак, популярдуу ырлардын эл аралык "Интервидение" конкурсу тарыхта алгачкы жолу уюштурулуп, аны өткөрүү үчүн 750 миллион рубль бөлүнгөн.
Украинанын Аскердик чалгын кызматынын агенти, Молдованын жараны Мариус Пруняну Латвия аркылуу Россияга теракт жасоо үчүн бомбаларды алып келип кармалды. Бул туурасында ФСБга шилтеме кылып РИА Новости билдирди. Ал мурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарында жүрүп согушка катышканы белгилүү болду. "Россиянын Коопсуздук кызматы Украинанын Чалгын башкармалыгынын тапшырмасы менен Россияда диверсиялык-террордук актыларды уюштуруу үчүн келген 24 жаштагы молдовалык Мариус Прунянунун мыйзамсыз иштерин аныктап, токтотту", — деп айтылган ведомствонун маалыматында. ФСБнын билдиргенине караганда, бул адамды украин атайын кызматы 2023-жылы декабрда азгырып, торуна түшүрүп, Макс каймана атын ыйгарып, Россияда теракт кылууга даярдануу үчүн Молдовага жиберген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 88 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫЫРАЙЫ 15-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 15-апрель, шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан жап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты. Абанын температурсы Чүй, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +13...+18 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош шаарында +23...+25 градус жылуу болору айтылды.
"Интервидение 2025" сынагына Кыргызстандан 14 ырчы катышмай болду Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттүАла-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткенАлдыда кененирээк Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички унаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыр тарткандар жок. Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калыбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды. Жеринде Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.Бишкектеги Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдык мааракесине карата эскерүү жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун жана Согуш ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү катышты.Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта эркиндик жана тынчтык үчүн жанын берген баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду. Жыйында Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи башкы колбашчысы Абдыгул Чотбаев сөз сүйлөдү. Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшту.Москвада өтө турган "Интервидение 2025" сынагына катышуу үчүн 14 ырчы күч сынашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кабарга ылайык, сынактын финалы Москвада өтүп, баш байгеси 300 миң евро болот. "Улуттук тандоо туру 23-апрелде саат 19:00дө башталып, "Маданият" жана "Музыка" телеканалдарынан түз көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстандан жалпысынан 14 ырчы 12 номер менен катышат. Эске салсак, популярдуу ырлардын эл аралык "Интервидение" конкурсу тарыхта алгачкы жолу уюштурулуп, аны өткөрүү үчүн 750 миллион рубль бөлүнгөн. Украинанын Аскердик чалгын кызматынын агенти, Молдованын жараны Мариус Пруняну Латвия аркылуу Россияга теракт жасоо үчүн бомбаларды алып келип кармалды. Бул туурасында ФСБга шилтеме кылып РИА Новости билдирди. Ал мурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарында жүрүп согушка катышканы белгилүү болду. "Россиянын Коопсуздук кызматы Украинанын Чалгын башкармалыгынын тапшырмасы менен Россияда диверсиялык-террордук актыларды уюштуруу үчүн келген 24 жаштагы молдовалык Мариус Прунянунун мыйзамсыз иштерин аныктап, токтотту", — деп айтылган ведомствонун маалыматында. ФСБнын билдиргенине караганда, бул адамды украин атайын кызматы 2023-жылы декабрда азгырып, торуна түшүрүп, Макс каймана атын ыйгарып, Россияда теракт кылууга даярдануу үчүн Молдовага жиберген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 88 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫЫРАЙЫ 15-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 15-апрель, шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан жап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты. Абанын температурсы Чүй, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +13...+18 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош шаарында +23...+25 градус жылуу болору айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0e/1093323923_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c73d946598483bfc5ab3dce1469572d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио