https://sputnik.kg/20250414/ivan-ponomarev-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093308212.html
Иван Пономарев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Иван Пономарев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан майданга чакырылган каарман... 14.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-14T20:08+0600
2025-04-14T20:08+0600
2025-04-14T20:08+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
капитан
иван пономарев
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092946055_0:220:720:625_1920x0_80_0_0_ee13df928d110a295e9b5fbcd626167d.png
Улук сержант Иван ПономаревАл 1922-жылы 1-мартта Енисей губерниясында (азыркы Краснодар аймагы) Криво-Хандала кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жети класстык билим алгандан кийин колхоздо иштей баштаган.1941-жылдын башында Пономаревдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын Фрунзе облусундагы Сосновка айылына көчүп келет. Аскерге чакырылганга чейин Чоң Чүй каналынын курулушунда иштеген. 1941-жылы Кызыл Армияга кеткен. Ырааккы Чыгыштагы аткычтар бөлүгүндө кызмат кылып, ошол жерде кенже командирлердин полктук мектебин аяктаган.Согушка 1943-жылы Воронеж фронтуна 64-армиянын (1-май, 1943-жылдан тарта — 7-гвардиялык армия) 81-гвардиялык аткычтар дивизиясындагы 233-полктун 3-батальонунун минометчулар бригадасынын командири болуп кирген. Марттан июнга чейин Түндүк Донецк дарыясынын (Белгород району) оң жээгиндеги коргонуу кармаштарында, кийин Курск салгылашынын коргонуу этабындагы согуштарында жүргөн.Аткычтар бөлүгүнүн командири Пономарев Белгород-Харьков чабуул койгон операцияга, Харьковду, Курск догосунда фашисттик күчтөр талкалангандан кийин Днепр дарыясынын сол жээгиндеги Украинаны, Мерефа жана Красноград шаарларын бошотууга катышкан.Днепр үчүн согушта өзгөчө эрдик көрсөткөн. Советтик аскерлер дарыяга жакындаганда Бородаевка аралчасын карап чыгуу боюнча башында Пономарев турган беш жоокерге тапшырма берилет. 1943-жылы 25-сентябрда аталган жерге киргенде немецтер байкап калышкан. Чечкиндүүлүк менен чабуул койгон топ 20 аскерди жок кылып, жетөөнү туткунга алышат. Андан сырткары, траншеялар менен ок жаадырган очоктор кайда жайгашкандыгын билишет. Жээкке катылган үч кайыкты таап, туткундарды кошо салып, майдандаштары турган жерге аман-эсен жетип, командачылыкка маанилүү маалыматтарды берет.Пономарев ошол эле күнү рота менен мөндүрдөй жааган октун алдында биринчилерден болуп оң жээкке жетет. Граната жана автомат менен ок атылып жаткан бир нече пунктулар, онго чукул немецтик аскер жок кылынат.1944-жылы 22-февралда СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын берген тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Иван Пономаревго Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылат.Бирок жогорку сыйлыкты улук сержант өз колу менен алганга жетишпей калды... Тагыраагы, Украина ССРинин Днепропетров облусунун аймагындагы согушта белгисиз болуп калды. Сыйлык тапшырылбаган тейде туруп, маалымат басылмага чыккандан кийин, 1966-жылы, Пономаревдун энесин табышып, уулунун сыйлыктарын тапшырышкан.Россиянын Коргоо министрлигиндеги архивдик материалдарга жана жаңы табылган документтерге таянсак, Иван Пономарев 1943-жылы 5-ноябрда Украинанын Кировоград облусундагы Старая Лелюховка кыштагы үчүн кармашта курман болду деп эсептелип жүрөт. Анын сөөгү айылдын четине, түндүк-батыш жагына коюлганы айтылат.Баатырдын ысымы Тасеев айылындагы көчөгө жана Краснояр аймагындагы Тасеев районуна караган Сухов кыштагындагы мектепке берилген.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250413/vasiliy-sukhov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093258660.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092946055_0:152:720:692_1920x0_80_0_0_292db401d20e41e7d6809356dbc3039e.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, капитан, иван пономарев
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, капитан, иван пономарев
Иван Пономарев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан майданга чакырылган каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Улук сержант Иван Пономарев
Ал 1922-жылы 1-мартта Енисей губерниясында (азыркы Краснодар аймагы) Криво-Хандала кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жети класстык билим алгандан кийин колхоздо иштей баштаган.
1941-жылдын башында Пономаревдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын Фрунзе облусундагы Сосновка айылына көчүп келет. Аскерге чакырылганга чейин Чоң Чүй каналынын курулушунда иштеген. 1941-жылы Кызыл Армияга кеткен. Ырааккы Чыгыштагы аткычтар бөлүгүндө кызмат кылып, ошол жерде кенже командирлердин полктук мектебин аяктаган.
Согушка 1943-жылы Воронеж фронтуна 64-армиянын (1-май, 1943-жылдан тарта — 7-гвардиялык армия) 81-гвардиялык аткычтар дивизиясындагы 233-полктун 3-батальонунун минометчулар бригадасынын командири болуп кирген. Марттан июнга чейин Түндүк Донецк дарыясынын (Белгород району) оң жээгиндеги коргонуу кармаштарында, кийин Курск салгылашынын коргонуу этабындагы согуштарында жүргөн.
Аткычтар бөлүгүнүн командири Пономарев Белгород-Харьков чабуул койгон операцияга, Харьковду, Курск догосунда фашисттик күчтөр талкалангандан кийин Днепр дарыясынын сол жээгиндеги Украинаны, Мерефа жана Красноград шаарларын бошотууга катышкан.
Днепр үчүн согушта өзгөчө эрдик көрсөткөн. Советтик аскерлер дарыяга жакындаганда Бородаевка аралчасын карап чыгуу боюнча башында Пономарев турган беш жоокерге тапшырма берилет. 1943-жылы 25-сентябрда аталган жерге киргенде немецтер байкап калышкан. Чечкиндүүлүк менен чабуул койгон топ 20 аскерди жок кылып, жетөөнү туткунга алышат. Андан сырткары, траншеялар менен ок жаадырган очоктор кайда жайгашкандыгын билишет. Жээкке катылган үч кайыкты таап, туткундарды кошо салып, майдандаштары турган жерге аман-эсен жетип, командачылыкка маанилүү маалыматтарды берет.
Пономарев ошол эле күнү рота менен мөндүрдөй жааган октун алдында биринчилерден болуп оң жээкке жетет. Граната жана автомат менен ок атылып жаткан бир нече пунктулар, онго чукул немецтик аскер жок кылынат.
1944-жылы 22-февралда СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын берген тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Иван Пономаревго Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылат.
Бирок жогорку сыйлыкты улук сержант өз колу менен алганга жетишпей калды... Тагыраагы, Украина ССРинин Днепропетров облусунун аймагындагы согушта белгисиз болуп калды. Сыйлык тапшырылбаган тейде туруп, маалымат басылмага чыккандан кийин, 1966-жылы, Пономаревдун энесин табышып, уулунун сыйлыктарын тапшырышкан.
Россиянын Коргоо министрлигиндеги архивдик материалдарга жана жаңы табылган документтерге таянсак, Иван Пономарев 1943-жылы 5-ноябрда Украинанын Кировоград облусундагы Старая Лелюховка кыштагы үчүн кармашта курман болду деп эсептелип жүрөт. Анын сөөгү айылдын четине, түндүк-батыш жагына коюлганы айтылат.
Баатырдын ысымы Тасеев айылындагы көчөгө жана Краснояр аймагындагы Тасеев районуна караган Сухов кыштагындагы мектепке берилген.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.