https://sputnik.kg/20250416/altyn-baa-rekord-zha-yrtty-1093367887.html
Алтындын баасы кайрадан рекорд жаңыртты. Эксперттер эмне дейт
Алтындын баасы кайрадан рекорд жаңыртты. Эксперттер эмне дейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алтындын баасы кайрадан рекорд коюп, 3 300 доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 16.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-16T15:20+0600
2025-04-16T15:20+0600
2025-04-16T15:20+0600
дүйнөдө
алтын
баа
алтын куймалары
улуттук банк
https://sputnik.kg/img/07e5/06/07/1052769969_0:120:2297:1412_1920x0_80_0_0_e8b1ad6d059fd2454757f1c03881fba9.jpg
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алтындын баасы кайрадан рекорд коюп, 3 300 доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Саат 11:17ге карата (Бишкек убактысы менен) Нью-Йорктун Comex биржасында алтын фьючерстери мурдагыга салыштырмалуу 61,22 долларга же 1,89 пайызга жогорулады.Коопсуз актив катары эсептелген алтынга болгон суроо-талап геосаясий белгисиздик же глобалдык экономикалык чыңалуу учурунда көбөйөт. Айрым экономисттер аны эң жогорку тарыхый баа коюлуп жаткан кезде сатып албаш керектигин эскертишүүдө. Мисалы, "БКС Мир инвестиций" компаниясынын фондулук рынок боюнча эксперти Виталий Манжос белгилегендей, учурда кыска же орто мөөнөткө алтын сатып алуу анчалык деле жакшы инвестиция болуп эсептелбейт. Анын айтымында, тобокелдик менен кирешенин катышы башка активдерге инвестиция салууга караганда начар.Ошол эле учурда Шанхайдагы Galaxy Futures Co компаниясынын аналитиги Лучен Ванг Bloomberg агенттигине берген комментарийинде алтындын баасы жакынкы келечекте дагы кымбатташы мүмкүн экенин болжолдогон.Кыргызстандагы алтынРеспубликада Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы да өсүүдө:Бирок бул эң жогорку чек эмес. Рекорд 14-апрелде коюлган. Ал күнү бир граммдыктар 10 миң 514 сом, жүз граммдыктар 939 миң 524 сомго чыккан. Дүйнөдөгү бул өсүш Кыргызстандагы баага эртең таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени Улуттук банк бааны эртең менен бир суткага коет.Белгилей кетсек, 2015-жылы алтын куймалары сатыла баштаганда бир граммдык куйманы 3,8 миң сомго, жүз граммдык куйманы 235 миң сомго сатып алууга мүмкүн эле.
https://sputnik.kg/20231114/altyn-tashygan-chet-olko-zharany-1080424120.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/07/1052769969_128:0:2169:1531_1920x0_80_0_0_74eccf8980870ad0d2f880b7dcf7b38c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, алтын, баа, алтын куймалары, улуттук банк
дүйнөдө, алтын, баа, алтын куймалары, улуттук банк
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алтындын баасы кайрадан рекорд коюп, 3 300 доллардан ашты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Саат 11:17ге карата (Бишкек убактысы менен) Нью-Йорктун Comex биржасында алтын фьючерстери мурдагыга салыштырмалуу 61,22 долларга же 1,89 пайызга жогорулады.
Коопсуз актив катары эсептелген алтынга болгон суроо-талап геосаясий белгисиздик же глобалдык экономикалык чыңалуу учурунда көбөйөт. Айрым экономисттер аны эң жогорку тарыхый баа коюлуп жаткан кезде сатып албаш керектигин эскертишүүдө. Мисалы, "БКС Мир инвестиций" компаниясынын фондулук рынок боюнча эксперти Виталий Манжос белгилегендей, учурда кыска же орто мөөнөткө алтын сатып алуу анчалык деле жакшы инвестиция болуп эсептелбейт. Анын айтымында, тобокелдик менен кирешенин катышы башка активдерге инвестиция салууга караганда начар.
Ошол эле учурда Шанхайдагы Galaxy Futures Co компаниясынын аналитиги Лучен Ванг Bloomberg агенттигине берген комментарийинде алтындын баасы жакынкы келечекте дагы кымбатташы мүмкүн экенин болжолдогон.
Республикада Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы да өсүүдө:
жүз граммдык куймалар — 936 358,5 сом;
унция (31,1 грамм) — 288 518;
10 граммдыктар — 92 638,5;
беш граммдыктар — 47 257,5;
эки граммдыктар — 19 663,5;
бир граммдыктар — 10 483 сом.
Бирок бул эң жогорку чек эмес. Рекорд 14-апрелде коюлган. Ал күнү бир граммдыктар 10 миң 514 сом, жүз граммдыктар 939 миң 524 сомго чыккан. Дүйнөдөгү бул өсүш Кыргызстандагы баага эртең таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени Улуттук банк бааны эртең менен бир суткага коет.
Белгилей кетсек, 2015-жылы алтын куймалары сатыла баштаганда бир граммдык куйманы 3,8 миң сомго, жүз граммдык куйманы 235 миң сомго сатып алууга мүмкүн эле.

14 Жетинин айы 2023, 15:52