https://sputnik.kg/20250416/pisa-2025-izildoocuno-okuuchular-uch-tilde-katyshyp-zhatat-1093355548.html
Жамакеева: PISA-2025 изилдөөcүнө окуучулар үч тилде катышып жатат
Жамакеева: PISA-2025 изилдөөcүнө окуучулар үч тилде катышып жатат
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Зейнеп Жамакеева PISA-2025 эл аралык... 16.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-16T12:31+0600
2025-04-16T12:31+0600
2025-04-16T12:31+0600
радио
билим берүү
окуучу
эл аралык
изилдөө
зейнеп жамакеева
pisa-2025
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e9/04/10/1093361855_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_86b66ae66b6410c676563f2084cb44a2.jpg
Жамакеева: PISA-2025 изилдөөcүнө окуучулар үч тилде катышып жатат
Sputnik Кыргызстан
Жамакеева: PISA-2025 изилдөөcүнө окуучулар үч тилде катышып жатат
PISA-2025 эл аралык сынагынын негизги изилдөөсүн өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү. Ар биринде координатор, IT-адис, тестирлөөнүн администратору бар экенин Зейнеп Жамакеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6 900дөн ашуун окуучу катышууда.Ал ошондой эле PISA-2025 эл аралык изилдөөcүнө жалпы 94 өлкөдөн окуучулар катышып жатканын, жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/10/1093361855_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_5bc6a566bc37f9feb2b3dc2a5194d1b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
билим берүү, окуучу, эл аралык, изилдөө, аудио, зейнеп жамакеева, pisa-2025, кыргызстан
билим берүү, окуучу, эл аралык, изилдөө, аудио, зейнеп жамакеева, pisa-2025, кыргызстан
Жамакеева: PISA-2025 изилдөөcүнө окуучулар үч тилде катышып жатат
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Зейнеп Жамакеева PISA-2025 эл аралык изилдөөcүнө окуучулар кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде катышып жатканын маалымдады.
PISA-2025 эл аралык сынагынын негизги изилдөөсүн өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү. Ар биринде координатор, IT-адис, тестирлөөнүн администратору бар экенин Зейнеп Жамакеева
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6 900дөн ашуун окуучу катышууда.
"Бул программага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылы катышып, 57 өлкөнүн ичинде окуучуларыбыздын билим деңгээли эң төмөн деп бааланган. Быйыл жыйынтык жакшы болот деген үмүттөбүз. Эл аралык изилдөөгө тандап алынган 197 жалпы билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6 911 бала катышып, анын ичинен 4 096 окуучу кыргыз тилинде, 2 470 окуучу орус тилинде жана 345 окуучу өзбек тилинде тест тапшырышууда. Тандалган мектептен келген 42 окуучу табигый илим, окуу, математика жана санариптик дүйнөдө окуу боюнча эки саатка созулган компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө. Мындан тышкары, окуучулар анкета да тапшырып жатышат. PISA-2025ке катышуу өлкөдө билим берүүнүн сапаты жогорулаганын гана көрсөтпөстөн, эл аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачат", — деди Жамакеева.
Ал ошондой эле PISA-2025 эл аралык изилдөөcүнө жалпы 94 өлкөдөн окуучулар катышып жатканын, жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланарын кошумчалады.