УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 27-январда кечке жуук Тажикстандын жарандары Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин тосуп алышкан. Кийинчерээк тажик тарап кырыз чек арачылары жайгашкан тарапты миномёт жана гранатомёт менен аткылаган. Тажик тарап жаңжалдын чыгышына кыргызстандыктардын Тажикстан жаранынын автоунаасына таш урганы себеп болгонун айтууда.