Орозо 2022-жылы Айдын чыгышына жараша апрель айында башталат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намазды калтырбай окуйт.
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Орозо-2022 календарынан табууга болот.