https://sputnik.kg/20250407/80-zhyldygy-uluu-ata-mekendik-sogush-1093153273.html
Жеңиштин 80 жылдыгына карата даярдалган юбилейлик медалдын эскизи
Жеңиштин 80 жылдыгына карата даярдалган юбилейлик медалдын эскизи
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети бекиткен "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" аталышындагы бирдиктүү юбилейлик... 07.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-07T10:42+0600
2025-04-07T10:42+0600
2025-04-07T10:43+0600
кыргызстан
медаль
улуу ата мекендик согуш
эскиз
сүрөт
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
https://sputnik.kg/img/103903/40/1039034049_0:247:2765:1802_1920x0_80_0_0_4b514acdc830c15556f98f98228e8b41.jpg
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети бекиткен "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" аталышындагы бирдиктүү юбилейлик медалдын эскизи даяр болду.Маалыматка ылайык, алтын түстөгү металлдан жасалган медаль тегерек формада, диаметри 32 миллиметр. Алдыңкы бетинде — Рейхстагга Жеңиш туусун сайып жаткан жоокердин фигурасы түшүрүлгөн. Жеңиш туусу кызыл эмаль менен жалатылган. Сол жагында жана ортосунда салюттун сүрөтү бар. Үстүңкү жагында "1945" жана "2025" цифралары горизонталдык чийин менен бөлүнүп жайгашкан. Төмөн жагына эки лавр бутагы жана кырдалган беш учтуу жылдыз тартылган.Арт жагында "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл" деген жазуу түшүрүлүп, гүлчамбар менен курчалган, түбүндө I даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин сүрөтү бар. Четтери кыюуланган. Бардык сүрөт, жазуулар жана сандар рельефтүү.Медаль кулакча жана шакекче аркылуу туурасы 24 миллиметр кызыл түстөгү жибек тасма оролгон беш учтуу калыпка бекитилген. Тасманын ортосунда эки алтын сызык жана кыргыз орнаменти түшүрүлгөн.
https://sputnik.kg/20250406/evdokim-mazkov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093111463.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103903/40/1039034049_18:0:2749:2048_1920x0_80_0_0_c9404f50985f9e8c32fd24f8988b5154.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, медаль, улуу ата мекендик согуш, эскиз, сүрөт
кыргызстан, медаль, улуу ата мекендик согуш, эскиз, сүрөт
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети бекиткен "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" аталышындагы
бирдиктүү юбилейлик медалдын эскизи даяр болду.
Маалыматка ылайык, алтын түстөгү металлдан жасалган медаль тегерек формада, диаметри 32 миллиметр. Алдыңкы бетинде — Рейхстагга Жеңиш туусун сайып жаткан жоокердин фигурасы түшүрүлгөн. Жеңиш туусу кызыл эмаль менен жалатылган. Сол жагында жана ортосунда салюттун сүрөтү бар. Үстүңкү жагында "1945" жана "2025" цифралары горизонталдык чийин менен бөлүнүп жайгашкан. Төмөн жагына эки лавр бутагы жана кырдалган беш учтуу жылдыз тартылган.
Арт жагында "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл" деген жазуу түшүрүлүп, гүлчамбар менен курчалган, түбүндө I даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин сүрөтү бар. Четтери кыюуланган. Бардык сүрөт, жазуулар жана сандар рельефтүү.
Медаль кулакча жана шакекче аркылуу туурасы 24 миллиметр кызыл түстөгү жибек тасма оролгон беш учтуу калыпка бекитилген. Тасманын ортосунда эки алтын сызык жана кыргыз орнаменти түшүрүлгөн.