https://sputnik.kg/20250411/sadyr-zhaparov-mik-kurulush-baa-osot-1093280187.html
Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы өсөт. Жапаров себебин түшүндүрдү
Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы өсөт. Жапаров себебин түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров МИКтин кезектеги үйлөрүнүн ачкычын тапшыруу... 11.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-11T18:06+0600
2025-04-11T18:06+0600
2025-04-13T11:04+0600
кыргызстан
садыр жапаров
микроэлемент
батир
баа
курулуш
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093279680_0:134:2560:1574_1920x0_80_0_0_f1110cea771ccb94c2e599a4fde2390e.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров МИКтин кезектеги үйлөрүнүн ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.Анын айтымында, азыркы үйлөр 650 доллардан салынса, МИК үстүнө 200 доллар кошуп, элге 850дөн берип жатат.Өлкө башчы учурда "Кыргызкурулушсервис" менен жеке компаниялар 650 долларга ремонту менен куруу мүмкүн болбой калганын айтып, бааны 700-750 долларга чейин көтөрүп берүүнү суранып жатышканын айтты."Бул маселени өкмөт менен изилдеп жатабыз. Жакын арада бир чечим кабыл алып беребиз. Буга чейин шаардын чок ортосундагы Скрябин көчөсүндө жайгашкан 1,5 гектар жер тилкесине 539 батир салып, элге үстүнө пайыз кошпостон 650 доллардан бергенбиз. Бирок мындан ары кайсы аймакта болбосун МИК сөзсүз түрдө батирлердин үстүнө өзүнүн пайдасын кошуу менен берет. Анткени компания пайда көрүшү керек, 25 жыл ичинде сөзсүз түрдө инфляция да жүрөт. Эми мындан ары баалар өзгөрөт. Ошентсе да МИКтин үйлөрү жеке компаниялардан арзан болот", — деди президент.Жапаров МИКтин капиталы дагы бир-эки жылда 100 миллиард сомдон аша турганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250411/ipotekalyk-zhany-uylor-tapshyryldy-1093275896.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093279680_143:0:2418:1706_1920x0_80_0_0_78a6ee1ee7719961c9e292ced7cb3415.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, микроэлемент, батир, баа, курулуш
кыргызстан, садыр жапаров, микроэлемент, батир, баа, курулуш
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров МИКтин кезектеги үйлөрүнүн ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, азыркы үйлөр 650 доллардан салынса, МИК үстүнө 200 доллар кошуп, элге 850дөн берип жатат.
"Биз мамлекеттик "Кыргызкурулушсервис" компаниясын жана бирин-экин өзүбүз тааныган жеке компанияларды жалдап, Бишкек менен Чүйдө бир чарчы метрин 650 доллардан, алыскы аймактарда 700 доллардан (ремонту менен) салдырып жатабыз. Бул баага башка ири курулуш компаниялары келбей коюшту. МИК болсо үстүнө 200 доллардан кошуп, сиздерге 850 доллардан берип жатат. Ортодогу 200 доллар — МИКтин пайдасы. Ошондуктан компаниянын кирешеси көбөйүп 80 миллиард сомдон ашты", — деди Жапаров.
Өлкө башчы учурда "Кыргызкурулушсервис" менен жеке компаниялар 650 долларга ремонту менен куруу мүмкүн болбой калганын айтып, бааны 700-750 долларга чейин көтөрүп берүүнү суранып жатышканын айтты.
"Бул маселени өкмөт менен изилдеп жатабыз. Жакын арада бир чечим кабыл алып беребиз. Буга чейин шаардын чок ортосундагы Скрябин көчөсүндө жайгашкан 1,5 гектар жер тилкесине 539 батир салып, элге үстүнө пайыз кошпостон 650 доллардан бергенбиз. Бирок мындан ары кайсы аймакта болбосун МИК сөзсүз түрдө батирлердин үстүнө өзүнүн пайдасын кошуу менен берет. Анткени компания пайда көрүшү керек, 25 жыл ичинде сөзсүз түрдө инфляция да жүрөт. Эми мындан ары баалар өзгөрөт. Ошентсе да МИКтин үйлөрү жеке компаниялардан арзан болот", — деди президент.
Жапаров МИКтин капиталы дагы бир-эки жылда 100 миллиард сомдон аша турганын кошумчалады.