https://sputnik.kg/20250415/ivan-krasilnikov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093332311.html
Иван Красильников — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Иван Красильников — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан майданга чакырылган каарман... 15.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-15T20:08+0600
2025-04-15T20:08+0600
2025-04-15T20:08+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
улуу ата мекендик согуш
сержант
эрдик
капитан
иван красильников
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092949103_0:67:684:452_1920x0_80_0_0_2b87154495022df633d2facb6f5ab438.png
Ал 1910-жылы 15-июнда Саратов облусундагы Балтай кыштагында туулган. Армияда 1931-1933 жана 1941-1945-жылдары кызмат кылган. Согуштун алдында Фрунзе шаарындагы "Кондитер" артелинин токоч чыгарган цехинде мастер болуп иштеген.1942-жылдын августунан тарта Сталинград, Центральный, Беларусь жана 1, 2-Беларусь согуштарына катышкан. Сталинград, Курскидеги кармаштарда, Украинаны, Беларусту, Польшаны бошотууда от кечкен. Германиянын аймагындагы салгылашта болуп, баш-аягы үч ирет жаракат алган.1943-жылдын күзүндө Красильников Борбордук фронттун 65-армиясынын 685-полкунун пулеметчиги болуп кызмат өтөгөн. Днепрден Красильников ийгиликтүү өткөн, бирок жолдогу жарылуу анын кайыгын алыс ыргыткан. Анткен менен жээкке жеткен кызыл армиячы пулеметун орното салып, душманга ок жаадырган. Айыгышкан кармашта Красильников жана анын жанындагы жолдошунан башка бардык майдандаштары окко учкан. Тирүү калган экөө немецтердин 30 аскерин, офицерлерин жок кылып, негизги күчтөр келгенге чейин плацдармды колдорунан чыгарбай кармап турушкан.Жогорку Советтин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 30-октябрда Иван Красильниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары III даражадагы Даңк ордени, Сталинградды коргоо үчүн жана башка медалдар менен сыйланган.Согуш бүткөндөн кийин Фрунзеге кайтып келип, жашап иштеген. 1968-жылы 13-январда дүйнө салган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250414/ivan-ponomarev-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093308212.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092949103_0:31:684:544_1920x0_80_0_0_d8f4ef1fbf3535d9f0da2421c03d8aff.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ссср, улуу ата мекендик согуш, сержант, эрдик, капитан, иван красильников
кыргызстан, ссср, улуу ата мекендик согуш, сержант, эрдик, капитан, иван красильников
Иван Красильников — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан майданга чакырылган каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Ал 1910-жылы 15-июнда Саратов облусундагы Балтай кыштагында туулган. Армияда 1931-1933 жана 1941-1945-жылдары кызмат кылган. Согуштун алдында Фрунзе шаарындагы "Кондитер" артелинин токоч чыгарган цехинде мастер болуп иштеген.
1942-жылдын августунан тарта Сталинград, Центральный, Беларусь жана 1, 2-Беларусь согуштарына катышкан. Сталинград, Курскидеги кармаштарда, Украинаны, Беларусту, Польшаны бошотууда от кечкен. Германиянын аймагындагы салгылашта болуп, баш-аягы үч ирет жаракат алган.
1943-жылдын күзүндө Красильников Борбордук фронттун 65-армиясынын 685-полкунун пулеметчиги болуп кызмат өтөгөн. Днепрден Красильников ийгиликтүү өткөн, бирок жолдогу жарылуу анын кайыгын алыс ыргыткан. Анткен менен жээкке жеткен кызыл армиячы пулеметун орното салып, душманга ок жаадырган. Айыгышкан кармашта Красильников жана анын жанындагы жолдошунан башка бардык майдандаштары окко учкан. Тирүү калган экөө немецтердин 30 аскерин, офицерлерин жок кылып, негизги күчтөр келгенге чейин плацдармды колдорунан чыгарбай кармап турушкан.
Жогорку Советтин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 30-октябрда Иван Красильниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары III даражадагы Даңк ордени, Сталинградды коргоо үчүн жана башка медалдар менен сыйланган.
Согуш бүткөндөн кийин Фрунзеге кайтып келип, жашап иштеген. 1968-жылы 13-январда дүйнө салган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.