Бишкекте "Мурас" комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы тапшырылды
Бишкекте "Мурас" комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы тапшырылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте "Мурас" турак жай комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды. 16.04.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте "Мурас" турак жай комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды.Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.Бүгүн үй алгандардын арасында мигранттар, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, 50 пайызын төлөгөн ишкерлер дагы бар.Белгилей кетсек, "Мурас" турак жай комплекси Бишкектеги мурдагы № 47 түзөтүүчү колониянын ордунда жайгашкан. Өткөн жылдын декабрь айында ошол жерден 510 ипотекалык батир берилген. 39 блоктон турган ушул эле комплексте (18 жана 24 кабаттуу) жалпысынан 4 745 батир курулууда. Президент курулуш иштери 2026-жылдын соңуна чейин толугу менен бүтөрүн белгиледи.Учурда республика боюнча жалпысынан 60 миңден ашык батир курулуп жатат.Буга чейин президенттин катышуусунда Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан үйдөгү 612 батирдин ачкычы тапшырылган.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте "Мурас" турак жай комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.
Бүгүн үй алгандардын арасында мигранттар, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, 50 пайызын төлөгөн ишкерлер дагы бар.
Белгилей кетсек, "Мурас" турак жай комплекси Бишкектеги мурдагы № 47 түзөтүүчү колониянын ордунда жайгашкан. Өткөн жылдын декабрь айында ошол жерден 510 ипотекалык батир берилген. 39 блоктон турган ушул эле комплексте (18 жана 24 кабаттуу) жалпысынан 4 745 батир курулууда. Президент курулуш иштери 2026-жылдын соңуна чейин толугу менен бүтөрүн белгиледи.