https://sputnik.kg/20250416/mamasaly-teshebayev-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093353152.html
Мамасалы Тешебаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Мамасалы Тешебаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман жоокерлер боюнча... 16.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-16T20:09+0600
2025-04-16T20:09+0600
2025-04-16T20:09+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
мамасалы тешебаев
наводчик
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092949494_0:65:384:281_1920x0_80_0_0_f959339f5b887c65f5211fe569bf7ed7.png
Лейтенант Мамасалы ТешебаевАл 1923-жылы 17-ноябрда Ош облусуна караштуу Куршаб районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Тогуз-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мамасалы эки иниси болуп эрте эле жетим калат. Өзү алгач мектепти бүтөт. Согушка чейин Оштун Кызыл-Октябрь колхозунда эмгектенет.1942-жылы Куршаб райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армияга чакырылат. Воронеж фронтунда 47-армиянын 218-аткычтар дивизиясынын 667-аткычтар полкунда наводчик болуп кызмат өтөй баштайт.Днепрден өтүп бара жатканда жана оң жээктеги плацдармды кеңейтүүдө каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1943-жылы 24-сентябрда Тешебаев биринчилерден болуп Украинанын Черкассы облусуна караган Пекари кыштагынын түштүк жагында Днепрден өтүп, басып алынган жээкке жайгашат. Каарман артиллерист душманга ок жаадырып, полктун башка аскерлеринин дарыядан өтүшүн камсыздап, аларды калкалаганга аракет кылып турган.25-сентябрда басып алышкан плацдармды кеңейтүү үчүн болгон согушта кыргыз жоокер фашисттердин бир автоунаасын, 25ке чукул гитлерчини жок кылган. 26-27-сентябрдагы ок-дары тартыш болгон кармашта душмандын контрчабуулдарынын мизин кайтарган.27-сентябрда огу түгөнгөн Тешебаев айыгышкан артиллериялык жана минометтук салгылашта өзүнүн күчү менен от күйүп жаткан жерге снаряддарды жеткирип, керектүү маалда фашисттик аскерлерди көздөй ок жаадырган. Таамай тандалган учурдан улам фашисттердин чабуулунун мизи кайтарылган. Ошол эле күнү кечинде согуш катуу жүргөн жерге гитлерчилердин 12 аскери жылып келген. Артиллериялык бригада апкаарып калбастан, автомат жана мылтык менен топту чачыраткан. Айыгышкан салгылаштардын биринде Тешебаев оор жаракат алып, советтик жоокерлер таап алгыча бир сутка эс-учун билбей жаткан. Госпиталдан айыгып чыккандан кийин командачылыктын чечими менен мекенине кайтыш керек эле, бирок ал өз каалоосу менен кайрадан майданга кирген.1944-жылдын 3-июнунда СССР Жогорку Советинин президиуму тарабынан немецтик баскынчылар менен күрөштө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Мамасалы Тешебаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Кызыл Жылдыз медалы ыйгарылган.Мекендешибиз аны менен катар эле кийинки жылдары III даражадагы Даңк ордени, Каармандык үчүн жана Согуштагы эрдиктери үчүн медалдары менен сыйланган.Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1946-жылы Астрахандагы жөө аскерлер училищесин ийгиликтүү аяктаган. Львов аскердик округундагы зениттик-пулеметтук взводдун командири болуп кызмат өтөгөн. 1947-жылы лейтенант Тешебаев запаска бошонгон. Согуштан кийин Отуз Адыр совхозунда пахтачылар бригадасынын бригадири болуп иштеген. 1984-жылы 23-мартта дүйнө салган.1985-жылы Киев шаарындагы көчөлөрдүн бирине Мамасалы Тешебаевдин ысымы берилген.
https://sputnik.kg/20250415/ivan-krasilnikov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093332311.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092949494_0:12:384:300_1920x0_80_0_0_170b85e7575fa717b68b1f45f08b1cbf.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, мамасалы тешебаев, наводчик
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, мамасалы тешебаев, наводчик
Мамасалы Тешебаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Лейтенант Мамасалы Тешебаев
Ал 1923-жылы 17-ноябрда Ош облусуна караштуу Куршаб районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Тогуз-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мамасалы эки иниси болуп эрте эле жетим калат. Өзү алгач мектепти бүтөт. Согушка чейин Оштун Кызыл-Октябрь колхозунда эмгектенет.
1942-жылы Куршаб райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армияга чакырылат. Воронеж фронтунда 47-армиянын 218-аткычтар дивизиясынын 667-аткычтар полкунда наводчик болуп кызмат өтөй баштайт.
Днепрден өтүп бара жатканда жана оң жээктеги плацдармды кеңейтүүдө каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1943-жылы 24-сентябрда Тешебаев биринчилерден болуп Украинанын Черкассы облусуна караган Пекари кыштагынын түштүк жагында Днепрден өтүп, басып алынган жээкке жайгашат. Каарман артиллерист душманга ок жаадырып, полктун башка аскерлеринин дарыядан өтүшүн камсыздап, аларды калкалаганга аракет кылып турган.
25-сентябрда басып алышкан плацдармды кеңейтүү үчүн болгон согушта кыргыз жоокер фашисттердин бир автоунаасын, 25ке чукул гитлерчини жок кылган. 26-27-сентябрдагы ок-дары тартыш болгон кармашта душмандын контрчабуулдарынын мизин кайтарган.
27-сентябрда огу түгөнгөн Тешебаев айыгышкан артиллериялык жана минометтук салгылашта өзүнүн күчү менен от күйүп жаткан жерге снаряддарды жеткирип, керектүү маалда фашисттик аскерлерди көздөй ок жаадырган. Таамай тандалган учурдан улам фашисттердин чабуулунун мизи кайтарылган. Ошол эле күнү кечинде согуш катуу жүргөн жерге гитлерчилердин 12 аскери жылып келген. Артиллериялык бригада апкаарып калбастан, автомат жана мылтык менен топту чачыраткан. Айыгышкан салгылаштардын биринде Тешебаев оор жаракат алып, советтик жоокерлер таап алгыча бир сутка эс-учун билбей жаткан. Госпиталдан айыгып чыккандан кийин командачылыктын чечими менен мекенине кайтыш керек эле, бирок ал өз каалоосу менен кайрадан майданга кирген.
1944-жылдын 3-июнунда СССР Жогорку Советинин президиуму тарабынан немецтик баскынчылар менен күрөштө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Мамасалы Тешебаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Кызыл Жылдыз медалы ыйгарылган.
Мекендешибиз аны менен катар эле кийинки жылдары III даражадагы Даңк ордени, Каармандык үчүн жана Согуштагы эрдиктери үчүн медалдары менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1946-жылы Астрахандагы жөө аскерлер училищесин ийгиликтүү аяктаган. Львов аскердик округундагы зениттик-пулеметтук взводдун командири болуп кызмат өтөгөн. 1947-жылы лейтенант Тешебаев запаска бошонгон. Согуштан кийин Отуз Адыр совхозунда пахтачылар бригадасынын бригадири болуп иштеген. 1984-жылы 23-мартта дүйнө салган.
1985-жылы Киев шаарындагы көчөлөрдүн бирине Мамасалы Тешебаевдин ысымы берилген.