https://sputnik.kg/20250418/batken-kamchybek-tashiev-chek-ara-zholugushuu-zym-tartuu-demorkaciya-1093423907.html
Зарылчылык болсо Баткенге көчүп келем. Ташиев облус тургундары менен жолукту
Зарылчылык болсо Баткенге көчүп келем. Ташиев облус тургундары менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Бул... 18.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-18T21:05+0600
2025-04-18T21:05+0600
2025-04-19T11:04+0600
кыргызстан
баткен
камчыбек ташиев
чек ара
демаркация
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093423567_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_812cace4c98d6432c11c6553bf7885e9.jpg.webp
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтты.Маалыматка караганда, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу болуп, ага облустун бардык райондорунан тургундар чакырылган.Ташиев элге эки өлкө кайсы жер аянттарын кандай шартта алмашканы боюнча маалымат берип, көчүрүлүшү керек болгон Достук айылынын тургундарына мамлекет жаңы, заманбап үйлөрдү куруп берерин белгилеген.УКМК төрагасы зым тартуу иштерине чек арачылар күчөтүлгөн тартипте тартыларын айткан.Жолугушуунун соңунда Баткен жаштары Камчыбек Ташиевге сувенирдик балта белекке берип, коррупционерлердин тамырын чабууну күчөтүүнү суранышкан.
https://sputnik.kg/20250319/kamchybek-tashiyev-ukmk-chek-ara-dostuk-ayyly-1092734005.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093423567_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_a8b38eadece7b6848fced7ed9ccee78f.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, камчыбек ташиев, чек ара, демаркация
кыргызстан, баткен, камчыбек ташиев, чек ара, демаркация
Зарылчылык болсо Баткенге көчүп келем. Ташиев облус тургундары менен жолукту
21:05 18.04.2025 (Жаңыртылды: 11:04 19.04.2025) БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Маалыматка караганда, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу болуп, ага облустун бардык райондорунан тургундар чакырылган.
Ташиев элге эки өлкө кайсы жер аянттарын кандай шартта алмашканы боюнча маалымат берип, көчүрүлүшү керек болгон Достук айылынын тургундарына мамлекет жаңы, заманбап үйлөрдү куруп берерин белгилеген.
УКМК төрагасы зым тартуу иштерине чек арачылар күчөтүлгөн тартипте тартыларын айткан.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров зым тартуу иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Зарылчылык болсо Баткенге көчүп келип, жумуштун темпин жеке көзөмөлгө алам", – деген ал.
Жолугушуунун соңунда Баткен жаштары Камчыбек Ташиевге сувенирдик балта белекке берип, коррупционерлердин тамырын чабууну күчөтүүнү суранышкан.